• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто нөшөрлөгөн жаандан улам үйлөрдүн короосун суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 1.11.18 /Кабар/. Ош шаарында кечээ, 31-октябрда болжол менен саат 21:10дор чамасында жааган жамгырдын кесепетинен арыктардан суу ашып, бир нече турак жайдын короосун каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Алиев көчөсүндөгү №76, Мавлянов көчөсүндөгү №90 үйлөрдүн короолорун жана Муминов көчөсүн суу каптаган.

“Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. ӨКМдин куткаруучулары арыктарды жана суу каптаган короолорду тазалап беришкен”, - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий