• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто, Нарында, Таласта жана Ысык-Көлдө банкоматтардан акча уурдагандар кармалды

Коом 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Ош, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын аймагында банкоматтардан ири суммадагы акча уурдагандар кармалды. Жалпысынан кылмышкерлер 9 млн сомго зыян келтиришкен. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-февралга караган түнү Араван районунун С.Юсупова айылында банкоматты белгисиз адамдар бузуп, 904 миң 300 сом уурдап кетишкен.

Мындан тышкары, 3-мартка караган түнү Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан банкоматты талкалап, банкоматтын ичинен 1,5 млн сом уурдап кетишкен.
Ушундай эле кылмыштарды Нарын, Талас, Ыссык-Көл облустарынын аймагында жасалганы белгилүү болгон.

Бул кылмышка шектүү катары 30 жаштагы К.А. кармалып, 15-апрелде соттун чечими менен камакка алынган. Кармалган жарандын айдап жүргөн "Mitsubishi Space Star" автоунаасында 990 миң сом табылып, далил буюм катары алынган.

21-апрелде 43 жаштагы А.К. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Андан далил буюм катары үйүнөн темир буюмду кесүүчү аспаптар, ноутбук, ок атуучу курал, кылмыш жасаган учурда кийген кийим жана башка буюмдар алынган.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, алардын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий