• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Нооруз майрамына карата сыйланды. Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын биринчи вицe-мэр Замирбек Аскаров тапшырып, жакшы тилектерин билдирди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Мамлекет үчүн, анын ичинде Ош шаары үчүн кылган ак ниет кызматыңыздарга ыраазычылык. Талыкбастан эмгек кылып, өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө аракетинерди аябай жүрө бергиле. Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен”,- деди З.Аскаров.

Жыйындын алкагында 20га жакын мекеме-ишканалардын жетекчилери, жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдери, компаниялардын өкүлдөрү шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, ак ниет эмгеги үчүн Ош шаарынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий