• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар башталды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.22./Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бир катар башкармалыктарга барып, шаар тургундарын майрам менен куттуктады.

Мэр ошондой эле салттуу улуттук тамак – сүмөлөктү даярдоого катышты.

Эске сала кетсек, эртең Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз улуттук майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий