• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ошто Нооруз майрамына карата спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Нооруз майрамына карата Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан жашоочулар арасында спорттун ар кандай түрлөрү (шахмат, гиря көтөрүү, аркан тартыш, кол күрөш) боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык маданият башкармалыгы популярдуу эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштуруп жатат.

“Манас-Ата” МАБда концерттик программа жана спорттук мелдештер башталып, ага 150гө жакын адам катышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. 16-мартта бул иш-чаралар “Керме-Тоо” МАБда өттү.

Бүгүн, 17-мартта, мындай иш-чаралар “Туран” МАБда саат 17:00гө белгиленген.

Ал эми 21-март А.Навои атындагы паркта шахмат, стол тенниси, армрестлинг боюнча мелдештер пландаштырылган. Ал эми Т.Сатылганов сейил багында шаар тургундары жана коноктору арасында спорттун улуттук түрлөрү: тогуз коргоол, күрөш, аркан тартыш жана ордо боюнча мелдештер уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий