• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ошто Нооруз күнү сүмөлөк кайнатуу, концерт, спорт оюндары жана түрдүү жарманкелер болот

Аймак 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Ош шаарында "Нооруз-2019" майрамды өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. 20-март күнү шаардагы бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда сүмөлөк кайнатылып, "Кадыр түн" каадасы уюштурулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

21-март күнү саат 10.00 шаардын борбордук аянтында "Нарктуу, даңктуу, касиеттүү Ош шаарым, сени менен сыймыктанам ар дайым!" аттуу "Нооруз-2019" элдик майрамына арналган театралдашкан концерттик программа өтөт.

Андан соң Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, №2-балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана "Көктөм" (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.

Мындан сырткары, "Алымбек Датка" этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын "Сулайман-Тоо" №1 муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан элдик каада-салтка ылайык уюштурулган майрамдык иш-чара болот.

Пикир

Оставить комментарий