• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ошто облустук милиция кызматкерлеринин саптык кароосу өттү — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин саптык кароосу өттү.

Саптык кароонун негизги максаты — жаңы жылдык иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоодо милиция кызматкерлеринин даярдыгын, кызматтык формаларынын талапка ылайык болушу, мыйзамдардын талаптарынын так сакталышы, кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаруу боюнча нускамаларды өткөрүү.

Мурда маалымдагандай, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде 2021-жылдын 28-декабрынан баштап жогорулатылган кызмат өтөө тартибине өткөрүлдү. Жогорулатылган кызмат өтөө тартибине өтүүнүн негизги максаты жаңы жылдык иш-чараларга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти көзөмөлдөө болуп саналат.

“Жарандар тарабынан ок атуучу куралдарды өз алдынча адамдар топтолгон жайларда алып жүрүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат. Өрт коопсуздугун жаратуучу жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынат. Спирттик ичимдиктерди ичип алып коомдук жайларда тартип бузгандарга жана автоунаа айдагандарга карата мыйзам чегинде аёосуз чаралар көрүлөт. Ошондой эле жарандар тарабынан ийне жалбырактуу дарактардын мыйзамсыз кыйылуусуна жол бербөө боюнча түнкү күзөттөр уюштурулуп, катуу көзөмөлгө алынат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий