• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ошто обсервация үчүн чатырдан шаарча курулду. Сүрөт

Аймак 0


Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын бийлиги 1 гектардан ашык жерге обсервация үчүн чатырдан шаарча курду. Ал жерге 250 орундук даярдалды. Чатырдан курулган шаарчага 26-июнь күнү өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов барган.

Шаарчада жарандарга бардык шарттар түзүлгөн: мончо, ашкана, кийим жуучу машина, душ, даараткана жана башкалар.

Шаарчанын тегерегинде 22 медкызматкер нөөмөттө турат. Чатырлардан турган шаарча ооруканалардагы орундуктардын жетишсиздиги жарала турган болсо жарандарды жаткыруу үчүн түзүлгөн. Коронавируска шектүү жарандар бул шаарчага келип, анализ тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий