• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто ок атуучу курал алып жүргөн жарандар кармалды – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрь күнү Ош шаарында криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан курал-жарак, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысына шектелген жарандар кармалды.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын милициясы шаар аймагында атайын операция жүргүзүп, анын алкагында Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы М.У. аттуу тургуну башкарып бара жаткан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, унаа тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда унаанын жүк салган бөлүгүнөн “АК-103” үлгүсүндөгү (7.62 калибрдеги) 1 ок атуучу курал, 6 ок, 2 бычак жана салмагы 3,93 грамм болгон нашаа баңгизатына окшош зат табылып, алынган.

Андан кийин кармалган жаран убактылуу жашаган Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы батирде тинтүү жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери анын батирине барган учурда, ал жакта ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 29 жаштагы Өзгөн районунун Ч.Н. аттуу тургуну бар болгон. Ал аталган батирде ижара акысын төлөп, М.У. менен бирге жашап жаткандыгын билдирген. Тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн салмагы 4,20 грамм болгон нашаа баңгизатына окшош зат табылган.

Курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында табылган далил заттарга соттук-криминалистикалык, соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө, ыкчам иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий