• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзгөндө ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 02.06.23./Кабар/. Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жайдан 8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 114 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор (бронетранспортерлер), 1 даана 9мм калибрлүү патрон (Глок тапанчасынын), 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза алынды.

Табылып алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий