• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто окуу жайлар арасында “Ден соолук - 2022” спартакиадасы старт алды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Ош шаарында жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдери арасында “Ден соолук - 2022” спартакиадасы 11-мартта старт алды.

Иш-чаранын ачылыш аземине шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, окуу жайлардын ректор жана мугалимдери катышты.

Спартакиадага жалпы жонунан сегиз команда катышууда. Эркектер жана аялдар арасындагы турнирдин катышуучулары спорттун жети түрү боюнча: кичи футбол, стритбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси, волейбол жана ордо оюну боюнча күч сынашат.

Мелдеш 17-мартка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий