• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто окуу жылына карата жаңы заманбап мектеп колдонууга берилет

Аймак 0

Ош, 11.05.18. /Кабар/. Ош шаарынын четинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бардык шарттары бар 275 окуучуга арналган жаңы заманбап мектеп колдонууга берилет.

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев №-11 “Жибек Жолу” аймактык кеңешиндеги курулуп жаткан мектептин курулушу менен таанышты. Аталган аймактык кеңеш шаардын четинде жайгашкандыктан ал жерге социалдык обьектилерди куруу, биринчи кезекте мектепти куруу зарылдыгы келип чыккан.

Бул ишти көзөмөлүнө алган мэр А.Кадырбаев 275 орундуу мектептин курууну тиешелүү адистерге табыштап, натыйжада бул аймактык кеңеште учурда мектептин курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Курулуш иштери өткөн жылы башталып, 275 орундуу орто мектептин сметалык баасы 97 млн. сом, ал эми тендердик баасы 61 млн. сом болуп, курулушту “Дамак Строй” ЖЧКсы өз мойнуна алган. Каржылоо булагы республикалык бюджет аркылуу болуп, учурда жалпы сумманын 25 млн. сому курулуш үчүн которулган. Долбоорго ылайык негизги корпустан сырткары спорт зал, спорт аянтчалары жана от казаны бирге курулмакчы.

Жумушчу рейддин жүрүшүндө А.Кадырбаев шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Ш.Мадаминовдон отчет алып, курулуштун жүрүшүндө кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо бардык тиешелүү тараптар жооп берерин эскертти, ошондой эле курулуштун сапаттуу бүтүшүн өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Эскерте кетсек, “Жибек Жолу “ аймактык кеңеши шаардын четинде жайгашкандыктан ал жердин тургундары менен болгон жолугушууда тургундар мектеп куруу зарылдыгы менен кайрылышкан. Тендердик сумманын калган 36 млн. сому которулса сентябрь айларына мектеп толугу менен пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий