• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто окуучулар бар кичи автобус аласалып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда орто мектептин окуучулары бар кичи автобус аласалып кетти. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 3-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 659-чакырымында катталган.

““Хонда Степвагон” унаасынын айдоочусу Оштон Бишкекти көздөй бара жатып, телефон чалууга алаксып кара-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ал “Жетиген” мектебинин окуучуларын алып кетип жаткан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Унаа тоголонуп кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын натыйжасында 6 окуучу ооруканага жеткирилип, аларды учөө ооруканада калышкан. Учурда балдардын абалы туруктуу.

Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий