• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто окуучулардан 1 сом берсе албай койгон маршруттук каттамдар линиядан чыгарылат

Аймак 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кечээ, 21-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Тилек жана Керме-Тоо аймактык кеңештеринин жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышты. Жолугушууда жашоочулар тарабынан бир канча маселелер көтөрүлүп, маршруттук каттамдарга байланышкан көйгөйлөр көп айтылды.

Шаар мэри ар бир айтылган маселе жоопсуз калбай турганына токтолду.

“Биз шаар тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, чечкенге милдеттүүбүз. Бүгүн маршруттук каттамдарга байланышкан маселелер көп айтылды. Тиешелүүлөр айтылгандарды чечет. Окуучуларды албай койгон маршруттук каттамдар линиядан чыгарылат. Окуучулар 1 сом берсе да, маршруткалар ташыш керек”,-деди шаар мэри.

Калаа башчысы Ак-Тилек кичи районуна жаңы бала бакча куруу келээрки жылга пландалганын, курулушуна каражат 2019-жылдын бюджетинен каралаарын айтты. Мындан тышкары көп кабаттуу үйлөрдү оңдоо иштери уланаарын, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө да аракеттер болуп жатканын баса белгиледи.

Мэрдин эл менен жолугушуусу уланат.

Пикир

Оставить комментарий