• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто окуучуларга кайрымдуулук сумкасы таратылып баштады

Аймак 0

БИШКЕК, 16.08.17. /Кабар/. Бүгүн, 16-август күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы Сабиров атындагы мектеп-гимназиясында “Личность” коомдук фонду тарабынан демилгеленген “Биринчи коңгуроо” долбоорунун алкагында жаңы окуу жылына карата мектеп окуучуларына кайрымдуулук сумкасы тапшырылды. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, “Личность” коомдук фондунун жетекчиси Фахридин Нематов жана мектеп мугалимдери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев “Кайрымдуулук” темасында сөз сүйлөп, “жетимди ким кепилдигине алса, бейиште Пайгамбарыбыз (САВ) менен бирге болот жана ким жетимдин башын сыласа, сыланган чачтардын санынын ар бири үчүн чоң сооптор берилет. Андыктан бардык колунда бар бир туугандарды кайрымдуулук иштерин көп жасоого чакырам”,- деп билдирди. Андан соң, аталган мектептин социалдык педагогдору тарабынан аныкталган ата-энеси жок жетим жана жардамга муктаж 35 окуучу балага бир жылга жетеээрлик канцелярдык окуу куралдары толтурулган кайрымдуулук сумкалары тапшырылды. Иш-чаранын демилгечиси болгон “Личность” коомдук фондунун жетечиси Фахридин Нематовдун айтымында, мындай кайрымдуулук сумкасын тапшыруу иш-чарасы дагы 8 мектепте уюштурулуп, жалпысы миң сомдук өлчөмдөгү окуу куралдары салынган 210 кайрымдуулук сумкасы таратылып берилмекчи.

Эскерте кетсек, “Личность” коомдук фондунун негизги максаты аз камсыз болгон, турмуш шарты оор жана кароосуз калган балдарга жардам берүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий