• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто окуучуларга КР президентинин белектери берилди

Коом 0

Ош, 05.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн, 5-январда Ош шаарында Жаңы жылга карата президент Сооронбай Жээнбековко кат жазган балдар белектерин алышты. Өлкө башчысынын атынан келген планшеттерди жана таттууларды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, балдарга жана ата-энелерге каалоо-тилектерди билдирди.

“Жаңы жыл берекенин, достуктун, ынтымактын жылы болсун. Силер жакшы билим алып мамлекет үчүн кызмат кыла турган инсандардан болуп чоңойгула”-деди А.Кадырбаев.

Жалпысынан 7 бала «Самсунг» үлгүсүндөгү планшет жана таттууларды алды, алардын бири “Жомок” балдар бакчасынын тарбиялануучусу.

Жыйындын жүрүшүндө окуучулар КРнын президенти Сооронбай Жээнбековго каалоо-тилектерин, ал эми ата-энелер ыраазычылыктарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий