• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Кечээ, 15-февраль күнү Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү иш-чарасы болду. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шакир Зулимов, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаардык тургундар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач, согуштан кайтпай калгандардын элесине тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди үн чыкпай эскеришти.

“Бүгүнкү күндө Ооган согушунан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрүнө, катышуучуларына мамлекет, мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет, бирок булардын кайгысын, муңун эч нерсе менен толтура албайсың, ошондой болсо да бул-үй бүлөлөр өздөрүнүн кайтпай калган эр азаматтары менен сыймыктанышса болот,себеби алар кан майданда Ата Мекендин буйругун аткарып жатып, баатырларча курман болушту”,-деди З.Аскаров.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн, Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылганын 28 жылдыгынын урматына бир нече интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан сырткары, Афганистан жеринен кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө мэриянын стипендиялары ыйгарылды.

Ошондой эле, жаш жоокерлер Ооган жеринде курман болгон интернационалист жоокерлердин жаркын элестерине аскердик урмат көрсөтүп, салтанатту марш менен өтүштү.

Жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына куран түшүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий