• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто ооруканалардын кызыл зоналарында иштеген медкызматкерлер, ыктыярчылар үчүн рентген акысыз жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Ош шаарында ооруканалардын кызыл зоналарында иштеген медицина кызматкерлери, ыктыярчылар үчүн рентгенографиялык изилдөө 2 ай бою акысыз жүргүзүлөт.

"ЮРФА" медициналык борборунун Ош шаарындагы филиалынын координатору Абдуваит Алиевдин айтымында, 2 ай бою айрым жарандар үчүн рентгенографиялык изилдөө акысыз жүргүзүлөт:

- Обсервация, изоляция, стационарлардын кызыл зоналарында иштеген медицина кызматкерлер, ыктыярчылар үчүн;
- I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн;
- Согуштук аракеттердин бардык катышуучулары (Афган жана Баткен окуялары) жана Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкан жарандар үчүн;
- 70 жаштан улуу пенсионерлер үчүн;
- "Баатыр эне" ордени сыйлыгынын ээлери үчүн;
- мамлекеттик балдар үйүндө, үй-бүлөлүк балдар үйүндө, үй интернаттарында жашаган жетим балдар, ата-энесинин асыроосуз калган балдар үчүн;

Пикир

Оставить комментарий