• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто оорусун жашырган киши 7-8 адамга коронавирус жуктурган

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Ошто оорусун жашырган киши 7-8 адамга коронавирус жуктурган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, учурда ал жаран аялы менен бирге обсервацияда жатат. "Оштун тургуну 7-8 адамга илдетти жуктурган. Жугузуп алган адамдар да башка жарандар менен байланышта болгон. Биз баарын таап, обсервацияга киргизгенбиз", - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин илдетти жуктуруп алып, оорусун жашырган жаран айыккандан кийин 5 жылга чейин камалары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий