• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Орозого карата жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган кичи автобустар иштеп баштады

Аймак 0

Бишкек.16.05.19 /Кабар/. Ош шаарында Орозо айына карата 107- маршруттук каттам жүргүнчүлөрдү акысыз ташый баштады. Бул тууралуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкери Эмил Жумаев билдирди.

Анын айтымында, бул демилге Рамазан айынын аягына чейин созулат.

"Орозо башталгандан бери 107-маршурттук каттамдын жетекчилери жана айдоочулары кеңешип, шаар тургундарына жеңилдик берүү максатында атайын акысыз ташый баштадык. Бул демилгени биздин кызматкерлердин баары колдоду. Айдоочулар мурдагыдай тартип менен иштеп жатышат" – деди ал.

Айта кетсек, аталган маршруттук каттам эки жылдан бери орозодо жүргүнчүлөрдү бекер ташып келет, деп кабарлады "Ынтымак" телеканалы.

Пикир

Оставить комментарий