• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто “Ош Агро– 2017” көргөзмө – жармаңкесин өтүп жатат (сүрөт)

Аймак 0

Ош, 05.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкеси жана форуму өтүп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, достук мамледеги шаарлардан келген делегациялар, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин Кыргызстандагы консулдугун өкүлдөрү, фермерлер, жеке ишкерлер жана башка уюмдар катышууда.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев дыйканчылыкты жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө дал ушундай жарманкелердин жардамы чоң экендигин белгилеп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Жарманкенин максаты – бул биринчи фермерлерди бүткүл дүйнөдө колдонулган заманбап техниканын жаңы түрлөрү менен тааныштыруу, жабдып туруучулар менен маалымат менен бөлүшүү, жаңы кызматтар, анын ичинде техниканын лизинги ж.б. жөнүндө билүү болуп саналат.

Борбордук аянтта эки багытта жарманке жүрүүдө. Ош шаарынын жана райондордон келген дыйкандар мөмө жемиш, жер жемиштерин алып келип бир багыт дыйканчылыкка, экинчиси айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү уюштурулуп, компаниялардын экспозициялары көрсөтүлүүдө:

- “Автомаш-Радиатор” ЖЧК;

- “Трактор” ЖЧК;

- “Агротурк” ЖЧК;

- “Евразия Групп” ЖЧК;

- “Агросервис” ЖЧК;

- “YTO International” ЖЧК;

- “Аталык Групп” ЖАК;

- “Delaval» ЖЧШ;

- "Колакс" компаниясы.

Пикир

Оставить комментарий