• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто парламенттик шайлоону уюштуруу маселесине байланыштуу облустук штабдын отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсуповдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосун өткөрүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү" боюнча облустук штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө шайлоону уюштуруу жана коомдук коопсуздукту сактоо маселелери каралды.

Байыш Юсупов тиешелүү тараптарга уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо иштериндеги кемчиликтерди жоюу тапшырмасын койду.

"Ошондой эле мамлекетибиздин тынчтыгы жана биримдигин сактоо милдети ар бирибизге таандык экендигин баса белгилеп, алдыдагы ири саясий кампанияны мыйзамды сактоо менен өткөрүү, ошондой эле жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынга облустук мамлекеттик органдардын жетекчилери, район акимдери жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий