• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто профилактикалык жана дезинфекциялоо иштерине 700 миң сом бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Оштогу медицина тармагына профилактикалык жана дезинфекциялоо иштерине жергиликтүү бюджеттин 700 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, шаардагы ресторандарга той өткөрүүгө тыюу салынат.

"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө медициналык каражаттардан жардам берүү максатында 500 миң сом бөлүп беребиз. Мүмкүнчүлүгү барларды мындай учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүгө чакырабыз", - дейт Сарыбашов.

Белгилей кетсек, Ош аэропортунда эл аралык каттамдар токтотулуп, ички каттамдар гана жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий