• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто “Quiz Night” интеллектуалдык оюну болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/.Ошто шайлоо тематикасын билүүгө арналган интеллектуалдык “Quiz Night” оюну болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оюнду КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо системалары боюнча эл аралык фонддун өкүлчүлүгү (IFES) менен биргеликте уюштуруп, ЮСАИДдин колдоосу менен ишке ашырды.

Катышуучулар – медиа жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, блогерлер жана башка Ош шаарындагы коомдук пикирди түзүүчү лидерлер болушту. Алар Кыргызстандагы парламентаризмдин жана шайлоолордун тарыхын, шайлоо укугун, жаңы шайлоо системасын киргизүүнүн этаптарын билүү боюнча мелдештерге катышты. ЖМК менен БШКнын шайлоо процессинин алкагында гендердик жана шайлоонун инклюзивдүү компоненттери боюнча өз ара иштешүүсү боюнча да суроолор сунуш кылынды. Журналисттер жана ЖОЖдордун өкүлдөрү Кыргызстанда өткөрүлүп келген референдумдар тууралуу, агитация эрежелери, шайлоолордун санариптешүүсү боюнча өз билимдерин көрсөтүшүп, КР Борбордук шайлоо системасынын түзүлүшү менен өнүгүү тарыхын да эстешти.

12 команда түзүлдү:

  1. «Ынтымак» командасы. Капитаны - Марат уулу Сыймык.
  2. «Телефронт» командасы. Капитаны - Жумамидин Сулайманкулов.
  3. «Учкун» командасы. Капитаны - Дастан Үмөтбай уулу.
  4. «Universe» командасы. Капитаны - Медер Ниязалиев.
  5. «Пентагон» командасы. Капитаны - Сапарали Патаев.
  6. Журналистика кафедрасынын командасы. Капитаны - Гулзина Азаматова.
  7. «Достор» командасы. Капитаны - Медербек Абдыманапов.
  8. «Уктатпайм» командасы. Капитаны - Асылкан Кубанычбекова.
  9. «Т-медиа» командасы. Капитаны - Нурлан.Адаев
  10. «Клооп – факты бар!» командасы. Капитаны - Элвира Султанмурат кызы.
  11. «Ош ТВ» командасы. Капитаны – Гулшайыр Турдали кызы.
  12. «Курама» командасы. Капитаны – Нуртаза Абдиев.
  13. «Аралаш» командасы. Капитаны – Адил Акжол уулу.

Интеллектуалдык оюн башталаар алдында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов чыгып сүйлөп, ал Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштешип келе жаткандыгын белгиледи.

“Бул жолу Боршайком жаңы формат тандады, ал дагы маалыматтык - түшүндүрүү иштерин жүргүзө турган мазмунга ээ. Иш-чаранын максаты – алдыда турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана КР референдумун чагылдырууда журналисттердин, блогерлердин, жарандык позициясы активдүү адамдардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелет”, - деди ал.

Абдыжапар Бекматов мындан тышкары шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнө көп жылдык өнөктөштүгү, шайлоо системасын жакшыртууга багытталган ар кандай маалыматтык – түшүндүрүүчү материалдарды даярдоодо, иш-чараларды техникалык жактан колдоодо жардам бергени үчүн ыраазылык билдирди.

КР БШК төрагасынын орун басары журналисттерди шайлоо процессин обьективдүү чагылдырууга чакырып, шайлоо процессинин катышуучулары жөнүндө калкка маалымат берүүдө алардын ролу өзгөчө экендигин белгиледи. Анын айтканы боюнча маалыматтарды КР БШК бул ресурсунан алууга болот. https://talapker.shailoo.gov.kg/

“Quiz Night” оюнунун жеңүүчүлөрү төмөнкү командалар болду:

  1. «Ош ТВ» командасы. Капитаны – Гулшайыр Турдали кызы.
  2. «Достор» командасы. Капитаны - Медербек Абдыманапов.
  3. «Т-медиа» командасы. Капитаны - Нурлан.Адаев.

Төртүнчү орунду эки команда бөлүштү:

  • «Universe» командасы. Капитаны - Медер Ниязалиев.
  • «Пентагон» командасы. Капитаны - Сапарали Патаев.

Жеңүүчүлөр белектерди алышты.

Пикир

Оставить комментарий