• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто радио жана телевидение кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрда, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Ага карата Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген телеканал, радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Шаар мэриясы менен тыгыз кызматташып, мында жасалып жаткан жумуштарды коомчулукка жайылтууда салым кошуп келген бир катар кызматкерлер сыйланды.

"Калаа башчысы түйшүктүү жана сыймыктуу кесипти аркалап келген чыгармачыл инсандардын ишине ийгилик каалап, Ош мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүгө дайым даяр экенин билдирди", - деп айтылат Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий