• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 29.09.18. /Кабар/. Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун" аттуу адабий-музыкалык кечеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, бөлүм башчылар, жогорку жана орто окуу жайларынын ректорлору, студенттер, жаш активисттер жана шаар тургундары катышты.

Биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев өз сөзүндө Раимжан Курбанов жаштарды мамлекеттик тилди билүүгө шыктандырып, таамай айтылган ыр саптары менен тилдин өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп келе жаткангдыгын белгиледи.

Кеченин алкагында биринчи вице-мэр мамлекеттик тил күнүө карата Раимжан Курбановго Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасын жана акчалай сыйлыгын тапшырып, балуу белектерди берди.

Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун" аттуу адабий-музыкалык кечеси “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий