• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто рейд учурунда түндө көчөдө жүргөн 65 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында 19-20-январь күндөрү "Түнкү өспүрүм" аталышындагы профилактикалык иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган рейд учурунда түнкү саат 22.00дөн кийин компьютердик клубдар, кафе-ресторандар, түнкү клубдар, базарлар, бекеттер, чатырлар, жалпысынан 276 жай текшерилди.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында окуу жайларда жашы жетелектердин арасында кылмыштуулуктун, анын ичинде суициддин, тартип бузуулардын, үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган 2 кылмыштын бети ачылып, балдардын реабилитациялык борборуна тилемчилик жасап же түнкүсүн чоӊ адамдардын коштоосусуз жүргөн 65 өспүрүм өткөрүлдү. Ошондой эле балдар иши боюнча инспекциясына 4 өспүрүм каттоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий