• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто рейддин жүрүшүндө 2 компьютердик клуб жабылып, 10дон ашык объектилерге эскертүү берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Ош шаарындагы Жарандык коргонуу штабынын протоколдук чечимине ылайык, коомдук жайларда санитардык-гигиеналык нормаларды жана эрежелерди сактоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 11-сентябрда "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгында рейд болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейдде стоматологиялык кабинеттер, коомдук тамактануу жайлар, банктын филиалдарына жана уюлдук байланыш мекемелери менен басмаканаларга көңүл бурулду.

Иш-чараларга Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, мэриянын адистери, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, муниципалдык менчик башкармалыгы, салык, экотехинспекция, “Сулайман-Тоо” МАБнын жетекчилери жана адистери катышты.

Рейддин алкагында комиссия шаардын борборундагы көчөдөгү санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышы менен таанышып, анда ар бир мекеменин администрациясы калктын саламаттыгын чыңдоо максатында санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоого чакырылды. Ленин көчөсүндө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө өз ишин тиешелүү эрежелерди бузуу менен жүргүзгөн эки компьютердик клуб аныкталып, тиешелүү уруксат кагаздары жок экендиги маалым болду.

Белгилей кетсек, учурда эпидемиологиялык кырдаалда компьютердик клубдардын иштөөсүнө уруксат жок. Ошондой эле шаардын борборундагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде шаар куруу нормаларын бузуу менен, санитардык ченемдер жана эрежелер сакталбаган мыйзамсыз жер төлөө табылды.

Тиешелүү кызматтарга колдонуудагы стандарттардын ушул объектке шайкештигин текшерүү тапшырмасы берилди. Рейд шаар аймагында уланат

Пикир

Оставить комментарий