• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто рейддин жүрүшүндө кайырчылык кылып жүргөн 29 бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 30-31-январь күндөрү Ош шаарынын аймагында «Кайырчы» аталыштагы профилактикалык рейд өткөрүштү.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, рейд учурунда шаар аймагында кароосуз калган, оор социалдык шартта жашаган, тилемчилик менен алектенген жаш өспүрүмдөрдү аныктоо, аларды мыйзамсыз эмгекке тартуунун алдын алуу учурларына өзгөчө көӊүл бурулду.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, шаар аймагында кайырчылык кылып жүргөн 29 бала аныкталды. Алардын ичинен 7 өспүрүм балдар үйүнө орноштурулду. 22 өспүрүм балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилип, ата-энелери, жакын туугандары менен маектешүүдөн соӊ, эскертүү берилип, коё берилди.

Жашоо шартты оор жагдайда жашаган 4 өспүрүм тууралуу алардын мындан кийинки ал-абалдарын, жашай турган жерин карап чыгуу максатында тиешелүү маалыматтар Ош шаарынын мэриясынын алдындагы балдар комиссиясына жөнөтүлдү.

Рейд учурунда ишке тартылган 18 жашка чейинки 18 өспүрүмдүн ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 4 ата-энеге КР бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 61-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү.

Интернет клубдарында отурушкан 31 өспүрүм аныкталып, эскертүү менен ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Шаардык милициянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, рейд учурунда мурда катталган 16 кылмыштын бети ачылды.

Пикир

Оставить комментарий