• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган сегиз ок атуучу курал табылды

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Ош облусунда 24-28-февралда “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө сегиз даана мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн жалпысынан 526 кызматкер катышты.

“Арсенал” рейдинин жүрүшүндө Ош облусунун аймагына кирип-чыккан 1 миң 296 автоунаа текшерилген. Ошондой эле милиция кызматкерлери 1 миң 929 үй ээлери, 12 соода-сатык базар, беш мейманкана жана үч көңүл ачуучу жайга барган.

Рейддин жүрүшүндө сегиз даана мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынып, алардын кандай максатта сакталгандыгы тууралуу юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Андан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө милицияда каттоодо турган:

- 1 миң 234 мергенчиликти сүйүүчү;

- 91 газ-жарат келтирүүчү куралы бар жаран;

- 4 белекке берилген курал ээлери текшерилди.

Аны менен бирге ок атуучу курал сактаган 18 объекттин кызматтык сайлуу, сайсыз жана газ-жарат келтирүүчү ок атуучу куралдары текшерилип, алардын ичинен:

- 6 сактоосунда жана пайдалануусунда курал жарагы бар мекеме;

- 11 жеке кайтаруу мекемеси (ЧОП);

- 1 өндүрүш мекемесинде пайдалануучу жардыргыч заттарды сактаган кампа;

- 1 курал-жарак сатуучу атайын дүкөн.

Текшерүү мезгилинде ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 60 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 133-беренеси (“Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу”), 134-берене (“Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу”), 135-беренеси (“Пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын сатып алуу, сактоо, берүү же сатуу тартибин бузуу”) боюнча протоколдор түзүлүп жана аларга карата 114 миң сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий