• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто рейддин жүрүшүндө түндө көчөдө жүргөн 74 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-апрелинде Ош облустук милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу жана алардын коопсуздугун камыздоо максатында түнкү рейд өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн криминогендик абалын эске алуу менен Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр көп чогулушу мүмкүн болгон бильярд ойноочу, компютердик клубдар, эс алуучу бактар, кафелер текшерилип, түнкү күзөт уюштурулду.

Түнкү рейд иш-чарасынын учурунда улуулардын көзөмөлүсүз жүргөн 74 жаш өспүрүм аныкталды.

Жаш балдардын укук бузууларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өз милдеттерин туура аткарууну жана түнкү убакта балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулушу мүмкүн экендиги эскертилди. Аныкталган жаш өспүрүмдөр билим берүү мекемелеринде окугандыгы тастыкталып, мындай көрүнүштөрдүн адын алуу үчүн мекемелердин администрациясына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий