• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Россиянын үч жараны жол кырсыгынан каза тапты

Кырсык 0


Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. 25-июлдан 26-июлга караган түнү Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүндө Hyundai SantaFe үлгүсүндөгү унаа жарнама орнотулган темир мамычаны сүзгөн.

“Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү окуя болгон жерде көз жумган.

Алар:

1. Айдоочу Р.Д.В. 1982-жылы туулган, Россиянын жараны,

2. Жүргүнчү Г.А.И. 1975-жылы туулган, Россиянын жараны,

3. Жүргүнчү Б.В.О. 1986-жылы туулган, Россиянын жараны.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды жол эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий