• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто өрт коопсуздугун сактоо боюнча калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-майда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Жайкы өрт кооптуу мезгилине даярсызбы?" деген аталыштагы үгүт-пропогандалык жүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө өрт өчүрүүчүлөр өрт коопсуздугунун эрежелери жазылган плакаттар менен Ош шаарындагы өрт кырсыгы көп катталган жерлерди кыдырып, жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Статистика боюнча, быйыл жыл башынан бери 1130 өрт кырсыгы катталса, былтыркы жылдын 5 ай ичинде өрт кырсыгынын саны 954 түзгөн.

Жайдын келиши менен шаар тургундары шаардын четине, жаратылыш койнуна эс алууга барганда өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо керек. Себеби токойлуу жерлерде өрт кырсыгы көп учурда эс алуучулардын очоктогу отту толук өчүрбөгөндүгүнөн жана тамекини акырына чейин өчүрбөй таштап коюусунан улам чыгат.

Ошондуктан, төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин унутпаңыз:

- ширенке талын күйгөн бойдон калтырбоону;

- от жагып, таштандыларды өрттөбөөнү;

- кетип бара жатып, жаккан отту суу сээп же топурак менен бастырып толук өчүрүп кетүүнү;

- талаада айнек идиштерди же алардын сыныктарын калтырбоону. Анткени ал күн нуруна чагылышып, өрттү тутандырышы мүмкүн;

- алоолонуп келе жаткан өрткө суу чачып, дарак бутактары менен өчүрүп, топурак сээп өчүрүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий