• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имараты курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулушунун башталышына арналган салтанаттуу азем болуп өттү.

Салтанатка Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси, Жогорку Кеңештин вице-спикери, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жана Ош шаар мэринин биринчи орун басары катышты.

Ош шаарындагы өрткө каршы жана куткаруу кызматынын жаңы имаратынын курулушу KOICA жана БУУӨПтүн кореялык адистер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзгөн долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. БУУӨП кореялык адистер менен биргеликте Чолпон-Ата, Ош, Бишкек шаарларында жана Сузак аймагында (Жалал-Абад облусу) төрт жаңы өрткө каршы жана куткаруу кызматынын имараттарын курат, ошондой эле аларды заманбап өрткө каршы шаймандар менен камсыз кылат жана өрткө каршы кызматтын сапатын жогорулатат. Долбоордун алкагында өрт-куткаруу кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин өркүндөтүү боюнча тренингдерди өткөрүү дагы каралган. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгек шарттары гендердик теңчиликтин, өрт-куткаруу кызматтарга жалпы жеткиликтүүлүктүн жана туруктуу өнүгүү принциптеринин негизинде жакшыртылат.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору Ли Джунг Су мындай деп белгилеп кетти: “Дүйнө жүзү боюнча табигый кырсыктардын көбөйүшү менен, өлкөнүн табигый кырсык коркунучун азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө адамдардын коопсуздугу жана жашоосу үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Кыргыз өкмөтү дагы табигый кырсык тобокелдиктерин башкарууда улуттук потенциалды жогорулатуу боюнча аракеттерди күчөтүүдө. Корея өкмөтү бул долбоор аркылуу кыргыз өкмөтүнүн аракеттерине кошулгандыгына абдан кубанычтамын”.

“Биздин көптөгөн иш-аракеттерибиз табигый кырсык коркунучун башкаруу боюнча улуттук дараметти чыңдоого багытталган жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешип ишке ашырылган долбоорлор, табигый кырсыктарга байкоо жүргүзүү жана божомолдоо тутумдарын, кризистик кырдаалдарда ыкчам башкаруу жана кырсыктардын кесепеттерин жоюу кызматтарын өнүктүрүүгө салым кошуп келет”, – деди баса белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси Эркин Касыбеков мырза.

БУУӨП өрттүн кесепетинен жабыркагандардын санын жана физикалык чыгымдарды азайтуу, ошондой эле калктын аялуу катмарын, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо үчүн өрткө каршы потенциалын күчөтүү максатында өрт-куткаруу жабдууларды жана шаймандарды модернизациялайт.

“Биздин өнөктөштөр KOICA жана БУУӨПтүн колдоосу менен министрликтин техникалык жана адамдык потенциалын жогорулатуу жаатында олуттуу натыйжаларга жетиштик. Өрт-куткаруу бөлүктөрүн курууну, өрткө каршы шаймандар менен камсыздоону караган учурдагы долбоорду ишке ашыруу биз үчүн абдан маанилүү жана өз убагында, анткени, тилекке каршы, жыл сайын өрттүн саны көбөйүүдө жана жылытуу мезгилинде өрт чалуулардын саны күнүнө жыйырмага жетиши мүмкүн. Өрт-куткаруу бөлүмдөрүн өркүндөтүлүшү өрттүн кесепеттерин жоюуга чоң жардамчы болуп, эң негизгиси өрттүн кесепетинен каза болгондордун санынын азайышына алып келет деп терең ишенебиз”, – деди салтанаттуу иш-чарада КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов .

Пикир

Оставить комментарий