• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ошто өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы Ош технологиялык университетинде өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрдү

Машыгуунун максаты өздүк курамдардын практикалык билим деңгээлин жогорулатуу өрттөрдүн алдын алууда суу менен камсыздыгын, унаа жүрүүчү жолдордун абалын көрүү, ар кандай учурлардагы өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү, ошондой эле студенттерге өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо, кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин үйрөтүү болуп саналат.

Машыгууга КР ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматы, 3 өрт өчүрүүчү автоунаа, медициналык тез жардам кызматы, электр тармактар кызматтары тартылды.

Өрттүк-тактикалык машыгуунун сценарийи боюнча окуу жайдын китепканасы күйүп жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Өрт чыккан жерге КР ӨКМнин №13 жана № 85 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 өрт өчүрүүчү автоунаа жана КР ӨКМнин Куткаруу кызматы өз убагында жетип келишип, өрттү өчүрүү менен биргеликте китепканадан 10 адамды куткарып, 60 студентти эвакуациялоо жолу менен сыртка чыгарышты.

“Ош шаарындагы ар кайсы тармактардын өрт өчүрүүгө болгон даярдыктарынжеринде көрүү максатында мындай машыгуулар бекитилген пландын негизинде ар кварталда өткөрүлөт. 2018-жылга карата бекитилген жылдык пландын негизинде 4 жолу жана пландан сырткары 6 жолу өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүп жатабыз”, - деди КР ӨКМнин Ош шаардык баардык башкармалыгынын башчысы Баймуратов.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 11 ай ичинде Ош шаарынын аймагында 235 өрт кырсыгы катталган. Өрттөн 9 адам жабыркап, 2 адам курман болгон.

Пикир

Оставить комментарий