• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Сүйүү сейил багы ачылды

Аймак 0

Ош, 14.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында реконструкция иштеринен кийин сүйүү сейил багы ачылды, буга чейин бул бак “Мээрим” деген атты алып жүргөн болчу.

Сейил бактын ачылышында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, бактын директору Ульфат Досбаева, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Иш чаранын алкагында белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Өз кезегинде Аскаров эки жыл мурун сейил бактын абалы начар болуп, каралбай калганын айтты. Эки жыл аралыгында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринен кийин сейил бак кайра ачылды. Эс алуу жайында үй-бүлөлүүлөрдүн эс алуусуна толук шарттар түзүлгөн деди.

Кара Суу шаарынын тургуну Акмөөр Артыкованын айтымында сейил бактын ачылышы тургундардын эс алуусуна жакшы шарт түзүүдө.

“Ошто мындай сейил бактын ачылышына биз абдан кубанычтабыз. Бул жер абдан кооз жана сейилдегенге абдан ыңгайлуу экен. Биздин үй-бүлөбүз ыраазы”,-дейт шаары тургуну.

Пикир

Оставить комментарий