• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда өлүм-житимде сарпталуучу ашыкча чыгымдарга чектөө киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Кара-Суунун Кенжекул айылында январь айынан тартып, өлүм-житимде сарпталуучу ашыкча чыгымдарга чектөө киргизилип, иштей баштады. Аны демилгечи тарап тыкыр текшерүүдө, деп кабарлады "Ынтымак" телеканалы.

"Айылыбызда өлүм-житимдерди катуу көзөмөл кылып жатабыз, – деп билдирди демилгечи Сапар Досонов. – Демилгени айылда жыйын өткөрүп сунуштадык. Көпчүлүктөн колдоо таап ишке ашырылып жатат. Айыл өкмөт да колдоп, көмөк көрсөтүүдө".

Кенжекул айылында жалпы 430 кожолук бар, ал эми калкынын саны 3300 жакын. Демилгечинин айтымында, чектөө киргизүүнүн максаты керексиз чыгымдарды жок кылуу болуп эсептелет.

Кенжекул айылында мркумду узатуудагы тыюуулар:

  • Адам каза болгон үйдө алыс жакындан келгендер үчүн 1 майда жандык (кой) союлуп, 10 кг гуруч жумшалсын.
  • Маркумдун жакындарына кийим кийгизүүгө тыюуу салынат (костюм, желек, калпак, койнок, жоолук).
  • 63 жаштан өткөн тургундарга гана дастаркондон даам татууга уруксат.
  • 63 жашка чейинкилер куран окуп, жаназага бара беришет. Дастаркондор даам татууга тыюуу салынат.
  • Казан башында кызмат кылгандардын саны чектелүү болсун.
  • Маркумдун ар бейшембелиги өткөрүлбөйт жандык союлбайт.
  • Маркумдун 40-күндүгү өткөрүлбөйт.
  • Маркумдун жылдыгы өз туугандары менен гана өткөрүлсүн.
  • Маркумдун ар бейшембилигинде, кыркында, жылдыгында себет алып келүүгө тыюуу салынсын.
  • Ак кийди кийимдерди кийууго тыюуу салынсын. Анын ордуна акчалар жардам берсин.

Пикир

Оставить комментарий