• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто саат 16:00гө карата 78 миң 700 адам добуш берген

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17./Кабар/. Ошто, бүгүн саат 16:00гө карата алынган маалымат боюнча жалпысынан 78 миң 700 адам, башкача айтканда 49,4% шайлоочу добуш берген. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош боюнча катталган шайлоочулардын саны 159 420 адамды түзгөн. Андан сырткары №2 формасы боюнча 48 706 жаран арыз берген.

Күн мурун ден-соолуктарына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн 2916 билдирүү келип түшкөн.

Шайлоо учурунда коомдук тартипти милиция кызматкерлери менен элдик кошуундун мүчөлөрү жана ар бир шайлоо участокторунда атайын медицина кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын жалпы саны 159 420, жалпысынан 73 шайлоо участогу бар.

Пикир

Оставить комментарий