• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто саат 18:00гө карата шайлоочулардын 36,41% добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Ош шаарында саат 18:00гө карата 55 миң 611 шайлоочу өз тандоосун жасады. Бул жалпы шайлоочулардын 36,41% түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул 2020-жылдын апрелинде болуп өткөн шайлоодогу көрсөткүчкө караганда (саат 18:00гө карата) 2 миң 208 шайлоочуга аз.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий