• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто «Салам, мектеп!» рейддик иш-чарасы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында «Салам, мектеп!» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында РИИБдин жашы жете электерменен иштөө инспекциясы жергиликтүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте 2021-жылдын 21-23-сентябрь күндөрү «Салам, мектеп!» аталыштагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында, 9-класстык билими жок жана окууну калтырган диний мекемелерде (мечет, медресе ж.б.) окуган жаш өспүрүмдөрдүн, ошондой эле жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын (ЖИИнин) каттоосунда турган жаш өспүрүмдөрдүн, шарттуу соттолгон өспүрүмдөрдүн арасында алдын алуу иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында Ош облусунун аймагында жалпысынан мектептерде окубаган 53 жаш өспүрүм аныкталып, анын ичинен 12 жаш өспүрүм билим берүү мекемелерине жиберилип, калгандары 9-классты бүтүп мектепте окубагандыктан ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө турмуштук оор кырдаалга кабылган 9 жашы жете электер аныкталып, алардын ичинен кароосуз калган 1 жашы жете элек, соода жана көңүл ачуу комплекстерде иштеп жүрүшкөн 8 жаш өспүрүм аныкталды.

Мындан сырткары, ар бир аныкталган жаш өспүрүмдөр боюнча жергиликтүү балдар иштери боюнча комиссияларына, социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө жана башка тийиштүү кызыкдар болгон органдарга атайын сунуш каттары берилди.

Пикир

Оставить комментарий