• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто саламаттык сактоо тармагындагы маселелер талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында саламаттык сактоо тармагындагы маселелер боюнча жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, мэриянын тийиштүү кызматкерлери, саламттык сактоо жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргенжей, жыйындын күн тартибинде 3 маселе каралып талкууланды.

-2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча өкмөттүн программасын ишке ашыруу жөнүндө планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө;

-Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отурумунда каралуучу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөгү” №149 мыйзамынын, өкмөттүн 2017-жылдын 30-декабрындагы №852 “2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө” жана Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 5-февралындагы №19 “Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 30-декабрындагы №852 токтомун ишке ашыруу боюнча” токтомдорун шаардагы тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар тарабынан аткарылышы боюнча маселеге маалымат даярдоо жөнүндө;

-1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык жарыялоонун иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.

Ар бир маселе боюнча тийиштүү кызматкерлер баяндама жасап, талкууга алынды.

Пикир

Оставить комментарий