• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган 4 ишкердик субъектке айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Ош шаарындагы "Курманжан-Датка" МАБында жайгашкан коомдук жайларда санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышын текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, рейддин жүрүшүндө Шакиров жана Масалиев көчөлөрүндөгү объектилер, анын ичинде соода түйүндөрү, коомдук тамактануу жайлары, тейлөө мекемелери текшерилди.

Коронавирус инфекциясынын күтүлүп жаткан экинчи толкунунун алдын алуу максатында иш-чаралар Ош шаардык мэриясынын тиешелүү мобилдик тобу тарабынан жүргүзүлүүдө.

Мобилдик топтун курамына шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери, шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын, ветеринардык кызматтын, салык инспекциясынын өкүлдөрү, МАБдын кызматкерлери кирет.

Иш-чаралардын алкагында комиссия калктын ден-соолугун сактоого көңүл буруу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук жайлардын администрациясын эрежелерди сактоону күчөтүү тартибине өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилешти.

Комиссия мүчөлөрү жарандардын коопсуздугу коомдук санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди, анын ичинде беткап тагуу режимин жана социалдык аралыкты так сактоонун негизи экендигин белгилешти, алар коомдук жайларда көп учурда көңүл бурулбай калып жаткандыгын айтышты.

Рейддик текшерүүлөрдүн натыйжасында санитардык нормаларды бузгандарга тиешелүү протоколдор түзүлүп, майда тартип бузуучуларга тиешелүү эскертүүлөр берилди. Масалиев көчөсүндө үч коомдук тамактануу жайы жана Шакиров көчөсүндө бир объект тарабынан талаптагыдай санитардык-гигиеналык нормаларды сактабагандыгы үчүн мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, натыйжада тиешелүү административдик айыптар салынган.

Айыптардын жалпы суммасы 8 миң сомду түздү.

Ош шаарынын мэриясы жарандарды жана коомдук жайлардын администрациясын керектүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана эрежелерди сактоого чакырат.

Рейддик текшерүүлөр улантылат.

Пикир

Оставить комментарий