• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто санитардык талаптарды сактабаган эки кафе жабылып, айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматы Шакиров көчөсүндө жайгашкан “Семейный” жана “Береке” деп аталган эки коомдук тамактануучу жайдын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту.

Мекеменин маалыматына караганда, талаптарды бузгандыгы үчүн аталган кафелердин ар бирине 18 миң сомдон айып салынган.

Бул кафелер аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин жабылат. Учурда аларда оңдоо иштери жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий