• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто сарай, Бишкекте чайкана өрттөндү – өлкө аймагында бир күндө 13 өрт катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2 өрт кырсыгы катталган, Ош – 2, Чүй облусу – 4, Баткен – 1, Жалал-Абад – 1, Нарын – 1, Ысык-Көл облусу – 2.

Бишкектеги Садырбаев көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу темир жабылган “Улуу-Тоо” чайканасынын 10 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби - электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Ошондой эле Ош облусунун Араван районундагы Япчан айылында Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдан өрт чыккан.

Жыгач устундуу шифер жабылган аянты 50 чарчы метр эки кабаттуу сарай толугу менен күйүп кеткен. Андан тышкары 5 тонна чөп жана 100 боо жүгөрү сабагы да күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу

Пикир

Оставить комментарий