• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто сарай өрттөнүп, тогуз баш кой күйүп кетти

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын Татар айылында аянты 100 чарчы метр сарай өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттөн 600 түк чөп жана тогуз баш кой күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий