• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто селдин кесепетинен 77 жеке турак жай жабыркады

Аймак 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Ош облусунда селдин айынан 77 жеке турак жай жабыркады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Кара-Кулжа районунда селдин агымынан 17 жеке курулуш жабыркаган, анын ичинде Октябрь айылында сел 6 турак үйдү жана 11 короону каптап калган. Ошондой эле 1-чакырымга жакын автоунаа жолу жарактан чыгып, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы алтымышка жакын турак жайдын короосун суу каптаган.

Окуя болгон жерге атайын техника жана кызматкерлер тартылган. Жеринде өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий