• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто шаар тургундары үчүн машыгуучу жана балдар ойноочу аянтчалар курулду. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына балдар ойноочу жана машыгуучу аянтчалар курулду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, курулуш иштеринин жүрүшү менен мэр Таалайбек Сарыбашов таанышып чыккан.

Аянтчалардын айланасына таш тамандар төшөлүп, отургучтар орнотулган. Курулуш иштери шаардык мэриянын сүйлөшүүсү менен Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин башкармалыгы (ТИКА) тарабынан ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий