• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча 36 долбоор ишке ашырылууда

Аймак 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев муниципалдык кошо каржылоо программасынын алкагында биринчи жарым жылдыкта аткарылган долбоорлордун аткарылышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын алкагында М. Исаев Достук кичи районунда болуп, анда №43, №72, №73, №74, №78, №80 көчөлөрүндө жүргөн канализацияларды төшөө иштерин көрдү. Бул кичи райондо дагы үч көчөнүн боюна канализация иштерин жүргүзүү пландалууда. Жалпысынан мындагы 100дөн ашык үйгө канализация түйүндөрү тартылат. Ошондой эле аталган кичирайондо №51 көчөгө бетон лотокторду орнотуу, Юбилейная, Майдова көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, биринчи вице-мэр Төлөйкөн кичи районундагы үч көп кабаттуу үйдүн фасадын сырдоо иштери жүргүзүлгөн аймакка барды. Белгилей кетсек, аталган программанын алкагында Масалиев көчөсүндөгү №98 көп кабаттуу үйдүн кире бериштерин жана чатырын оңдоо, ошондой эле №180, 182, 198, 202, 205 көчөлөрүнө, Амир-Тимур кичи районунун 219-кварталына газ түтүгүн тартуу иштери да жүрүп жатат.

Долбоорлордун аткарылышы менен таанышуунун алкагында М.Исаев тиешелүү кызматтар иштин сапатын жана мөөнөттөрүн катуу көзөмөлгө алуусу керектигин баса белгиледи.

Үстүбүздөгү жылы жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо программасынын долбоорлоруна 25 миллион сомго жакын каражат каралган. Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 14,5 млн сомдук 36 долбоор ишке ашырылууда.

Кошумча каржылоо программасына катышуу үчүн Ош шаарынын тургундары жалпы иш көлөмүнүн 50% чогултушу керек, ал эми калган сумманы Ош шаарынын мэриясы камсыздайт. Бул программага кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуучу бардык долбоорлор (жолдорду асфальттоо, балдар аянтчаларын куруу, канализация жана ирригациялык тармактарды реконструкциялоо), көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, чатырларды, жылуулук тармактарын оңдоо, домофондорду, кире бериш эшиктерди орнотуу жана башка иштер кошула алат.

Пикир

Оставить комментарий