• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто шайлоо алдында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт

Аймак 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы алдыдагы шайлоого даярданууда, - деп билдирет Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, негизги иш шайлоо алдында жана шайлоо күнү коомдук тартипти сактоого багытталган. Бул иш-чаралардын негизги максаты унаа жолдорунда жана коомдук жайларда укук бузууларды алдын алуу болуп саналат.

Шайлоо алдында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт. Алар аймактардагы бардык коомдук жайларда, анын ичинде шайлоо участкаларында коомдук тартипти камсыз кылышат.

Ош шаарынын бардык райондорунда, милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кызмат өтөгөн жерде мыйзамдуулукту камсыз кылышат.

Жалпысынан коомдук тартипти сактоого Ош шаарындагы милициянын кайгуул кызматынын жүздөй кызматкери тартылат. Алар көчөлөрдү, коомдук жайларды, ошондой эле адамдардын массалык эс алуу жайларын, аянттарды жана сейил бактарды кайтарышат.

Иш-чараларга катышкан инспекторлорго мыйзамдуулуктун так сакталышы жана шайлоо мезгилинде алардын ишин уюштуруу жөнүндө маалымат берилет.

Ошондой эле милициянын кайгуул кызматкерлери бюллетендерди кайтарып, коштоп жүрүшөт, бул кайгуул кызматкерлеринин милдети. Кызматкерлер мыйзамдар бузулса, спирт ичимдиктерин ичишсе, коомдук жайларда мас абалында көрүнүп калса, жол эрежесин бузса, кызматкерлер тиешелүү чараларды көрсөтүшөт.

"Кыргыз Республикасы - көзкарандысыз демократиялык, унитардык социалдык мамлекет. Ошондой эле биз жарандардын укуктары бузулбаган укуктук мамлекетпиз. Ошондуктан, биз ар дайым жооп берип, элден келип түшкөн бардык өтүнүчтөргө же сын-пикирлерге көңүл буруп, алар боюнча тиешелүү чараларды көрөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Алдыдагы шайлоого байланыштуу, Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмү жарандарды чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана ишенбөөгө, ошондой эле такталбаган маалыматтарды алып, таратпоого жана мындай фактылар болсо, анда ички иштер органдарына 102 телефон аркылуу кабарлоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий