• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто шайлоо өткөрүү боюнча бир канча тапшырмалар берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри, штабдын төрагасынын орун басары Саибжан Турдуев, аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, штабдын мүчөлөрү катышышты.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, негизги маселе катары шайлоо тилкелеринин даярдыгы, санитардык талаптардын жана коопсуздуктун сакталышы тууралуу сөз болду.

Саибжан Турдуев ар бир саясий партияга бирдей шарт түзүлгөнүн, шайлоо участкалары шайлоо өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө бир канча маалыматтар айтылып, тапшырмалар берилди.

“Энергетика жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалсын. Бардык шайлоо участкаларында кошумча генераторлор коюлушу шарт. Шайлоо күнү шайлоо участогуна киргизүү учурунда жарандардын социалдык аралыкты сактоо боюнча милиция кызматкерлери такай иш алып барып, шайлоо участкаларында эпидемиологиялык көзөмөл болсун”, - деди биринчи вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий